首页男歌手КЫРГЫЗЖЕРИ原版_ERSBEK

КЫРГЫЗЖЕРИ原版_ERSBEK

相关歌手专辑:ERSBEK

 
歌 词

Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,
Аскасы көк асманга тийген кезде,
Мен дагы жолго чыгам танды тосо,
Кучактайм ой кырларын нурга кошо,
Улуусуң кыргыз жери нурдан бүткөн,
Сулуусуң кыргыз жери ырдан бүткөн,
Ысык-Көл жердин көркү кырлар кашы,
Адырлар көкүрөгү, токой чачы,
Дайралар кан тамыры чоку тажы,
Сендеби топчулары ар бир ташы,
Кең туздуу, гүл денелүү кыргыз жери,
Күн жүздүү берекелүү кыргыз жери,
Күн жүздүү берекелүү кыргыз жери,
Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде,
Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде,
Көл чалкып тоолор койнун ачкан кезде,
Дил жаркып таң күлкүсүн чачкан кезде,
Көркүңө көрк кошулат кыргыз жери,
Сезилет ата-энелик мээримдери,
Улуусуң кыргыз жери нурдан бүткөн,
Сулуусуң кыргыз жери ырдан бүткөн。

查看完整歌词
网友热评
Lucid KSC
相关歌曲